24-март: Өлкөнүн түндүк аймактарында жаан жаайтЫсык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтотту
«Жунхай Дордой» базарында сувенирдик банкнотторду саткан соодагерлерге айып салынды
24.02.2025 | 16:07
«Жунхай Дордой» базарында сувенирдик банкнотторду саткан соодагерлерге айып салынды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Улуттук банктын кызматкерлери милиционерлер менен бирге базарда текшерүү жүргүзүп, эки жерде “төлөм каражаты эмес” деген жазуусу бар сувенир сомдор сатылып жатканын аныктаган. Соода түйүндөрүнүн ээлерине Укук бузуулар кодексинин 304-беренесинин негизинде 5,5 миң сомдон, жалпы 11 миң сом айып салынган.
Улуттук банк “чыныгы сом экен” деп адамдардын чаташуусуна алып келе турган улуттук валютанын банкнотторунун сүрөттөрүн колдонууга болбой турганын, ал үчүн айып каралганын эскертет. Сувенирдик банкнотто “төлөм каражаты эмес” деген жазуу да административдик жана кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом