Жунушалиев: Төлөгөн Рахманберди уулу ак болсо келип, арыз-муңун айтсын

Жунушалиев: Төлөгөн Рахманберди уулу ак болсо келип, арыз-муңун айтсын

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев президентке кайрылган спортчу, мурдагы милиция кызматкери Төлөгөн Рахманберди уулунун жердештери менен жолугушту.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда министр Оштогу кылмыштуу окуяларга тиешеси барлар жоопкерчиликке  тартыларын айткан.

“Уулуңар Төлөгөн Рахманберди уулу шериги Эмилбек Кимсанов кылмышка шектүү катары качып жүрүшөт. Эгер алар күнөөбүз жок дешсе укук коргоо органдарына келип, арыз-муңун ачык айтсын. Биз акыйкат тергейбиз жана ким гана болбосун күнөөсү далилденсе жазасын тартат. Эч кимдин эч кандай статусуна, байланыштарына, туугандык мамилелерине карабайбыз”, — деп сүйлөгөн Жунушалиев.

Белгилей кетсек, 14-февралда Төлөгөн Рахманберди уулу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоп, Ош шаардык комитетинин мурдагы башчысы Кылычбек Саркарбаев жана Нурбек Раимбековдон запкы жегенин айтып чыккан.

Кийин  Алайдын Арпа-Тектир айылынын тургундары,  Рахманберди уулунун жердештери сортчунун айланасындагы окуяларды өз көзөмөлүнө алуусун суранып, президентке кайрылышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>