Мыктыбек Илебаев «Учур» мамлекеттик жаштар театрынын директору болуп дайындалдыБШК Жогорку Кеңештин депутаты Куванычбек Конгантиевди мандатынан ажыраттыКыргызстанда расмий түрдө Лянга федерациясы түзүлдүМэрия: Жибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн ачылышы аба ырайына байланыштуу жылдырылдыОкумуштуулар тирүү жандыктын мээсин виртуалдык чөйрөдө толугу менен эмуляциялаштыБишкекте мектепке куралдуу кол салууну пландоого шектелип окуучу кармалды
Жунушалиев таштанды заводу 1-декабрдан тарта электр энергиясын бере баштаарын айтты
19.11.2025 | 17:02

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев таштандыны кайра иштетүүчү завод 1-декабрдан тарта электр энергиясын жалпы тармакка бере баштаарын билдирди. Бул тууралуу ал пресс-конференцияда айтты.
Анын айтымында, завод борборду электр энергиясы менен камсыздоого даяр, бирок жогорку жүктөм убактары үчүн кошумча кубаттуулуктар керек болууда.
“1-декабрдан баштап биздин таштанды кайра иштетүүчү завод электр энергиясынын алгачкы көлөмдөрүн тармакка бере баштайт. Бул маселенин чечилишинде негизги ролду электр энергиясын өндүрүүчү базаны түзүү ойнойт. Энергетика министрлиги бул багытта чоң иштерди жүргүзүп жатат”, — деди мэр.
Жунушалиевдин айтымында, завод азыр суткасына 850дөн 1 200 тоннага чейин таштанды кабыл алат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом