Журналист Дмитрий Ложниковдун үйүндө тинтүү жүрүп, суракка жеткирилди

22.11.2025 | 16:35

«Апрель» телеканалынын мурдагы жетекчиси, журналист Дмитрий Ложниковдун үйүндө тинтүү жүрүп, ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилди. Бул тууралуу Reporter.kg’ге укук коргоо органдарындагы булак билдирди.

Ложников массалык башаламандыкка чакыруу беренеси менен сурак берүүдө.

Буга чейин «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырган деп шектелип кармалган.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун үйүндө тинтүү жүрүп, суракка алынган. Андан кийин Тергөө кызматына мурдагы Каржы полициясынын төрагасы Сыймык Жапыкеев, Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров жеткирилгени, ал эми Атазовдун кармалганы белгилүү болду.

Мындан тышкары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева, Темирлан Султанбековдун ата-энеси жана сиңдиси суракка чакырылганы айтылууда.

Scroll to Top