Кыргызстанда аэропорттон президенттин администрациясына чейин өзүнчө атайын жол куруу пландалуудаСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскертти
Журналист Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу блогер кармалды
28.03.2022 | 12:17
Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу блогер кармалды. Факт боюнча “Байкабастыктан адам өлүмүнө алып келүү” беренеси боюнча иш козголду. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Мекемеден билдиргендей, Арзыгүл каза болгон күнү Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнө кайрылып, «Батма-Бат» YouTube каналынын колдонуучусу социалдык тармактарда аны жамандап, «ар-намысына шек келтирип жатканын» билдирген. Милицияга кайрылгандан бир нече сааттан кийин Арзыгүл ооруп калган. Ошол эле күнү кечинде журналист каза болгон.
33 жаштагы блогер Батма Жолдубаева убактылуу кармоочу жайга камалды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар