Бишкек: Беткапчандар атайын буйрутма менен бирөөнүн үйүнө өрт коюшту (ВИДЕО)

Бишкек: Беткапчандар атайын буйрутма менен бирөөнүн үйүнө өрт коюшту (ВИДЕО)

Бишкек шаардык кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери өрт койгондорду кармашты. Бул тууралуу борбор калаа милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

23-март күнү Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын 102 кызматына Деповская көчөсүндө жайгашкан жеке турак жайды өрттөөгө аракет кылгандыгы тууралуу чакыруу түшкөн. Ленин райондук милициянын 2-бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу дароо окуя болгон жерге жөнөп, ал жерден  А.И. аттуу жаран ошол эле күнү саат 18:20 чамасында үйдүн эшигине белгисиз күйүүчү затты ыргытып, арыз ээсинин үйүн өрттөөгө аракет кылган белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Аталган факты Ленин райондук милиция  Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин 3-бөлүгү (башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу) менен каттаган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2002-жылы туулган М.А. жана 1982-жылы туулган Г.Б экени  аныкталып, кармалган.  Жеке тинтүү учурунда алардан  кара куурайдын өзгөчө жыты бар жашыл түстөгү зат жана кофеин таблеткалары да табылган.

Алар тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, керектүү экспертизалар дайындалды.

Мындан тышкары, кармалган М.А. ал Telegram социалдык түйүнүндө буйрутмалар аркылуу кэштерди төшөө менен алектенип жүргөнүн, ошондой эле социалдык тармактар ​​аркылуу үйдү өрттөөгө буйрук алганы аныкталган.

Муну менен катар алар башка жеке үйдү өрттөөгө аракет кылгандыктарын моюнга алышкан, ошондой эле өздөрүнүн аракеттерин телефонго жаздырып, ошону менен буйруктун аткарылганын тастыкташкан.

Учурда бардык зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>