Журналист Махабат Тажибек кызы эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде бошотулду
Бүгүн, 23-мартта, Бишкектин Ленин райондук соту «Айт айт десе» долбоорунун журналисти Махабат Тажибек кызынын баш коргоо чарасын өзгөрттү. Ал камактан эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде эркиндикке чыгарылды.
Махабат Тажибек кызы видеоконференция байланышы аркылуу катышкан бул соттук отурум анын ишин жаңыдан кароонун башталышы болду. Эскерте кетсек, 10-мартта Кыргызстандын Жогорку соту жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу буга чейинки бардык чечимдерди жокко чыгарып, ишти кайра кароо үчүн биринчи инстанциядагы сотко жөнөткөн.
Окуянын чоо-жайы
Махабат Тажибек кызы 2024-жылдын январь айында «Temirov Live» редакциясынын башка 10 кызматкери менен бирге кармалган. Аларга «массалык башаламандыктарга чакырык жасоо» беренеси боюнча айып тагылган. Алгачкы териштирүүлөрдүн жыйынтыгы төмөнкүдөй болгон:
- Махабат Тажибек кызы 6 жылга эркинен ажыратылган;
- Азамат Ишенбеков 5 жылга кесилген;
- Айке Бейшекеева жана Актилек Капаров 3 жылдан пробациялык жаза алышкан;
- Калган жети кызматкер кылмыш курамы жок болгондуктан толугу менен акталган.