Журналист Мамыркулованын бөгөт чарасы жабык каралууда, отурумга кызы киргизилген жок (видео)

Журналист Мамыркулованын бөгөт чарасы жабык каралууда, отурумга кызы киргизилген жок (видео)

Бүгүн, 22-мартта Бишкектин Свердлов райондук сотунда журналист Канышай Мамыркулованын бөгөт чарасы каралууда.

Соттук процесске журналисттер, Мамыркулованы колдоп келген активисттер, ал турсун кызы киргизилген жок. Милиция кызматкерлери сот имаратынын кире беришиндеги эшикти жаап алды.

Сотко келген активисттер отурум ачык өтүшүн, ага журналисттерди, Мамыркулованын кызын киргизүүнү талап кылууда.

Мамыркулованын экинчи жактоочусу Акынбек Ногоев сот залында болгон кесиптеши Нурбек Сыдыковга чалып, айттырып жатып сот имаратына араң кирди.

Эскерте кетсек, милиция Канышай Мамыркулованы 20-мартта үйүнөн кармап кеткен.

Кийинчерээк милиция Мамыркуловага соцтармактагы жазгандары үчүн «массалык башаламандыктарга чакырыктар» беренеси менен иш козголгонун билдирген.

Анын жактоочусу Нурбек Сыдыков Мамыркуловага соцтармактагы жазгандары үчүн кылмыш иши козголгонун айткан. Ал билдиргендей, Мамыркулова мыйзамда каралган укугунан пайдаланып, соцтармактагы баракчасы аркылуу өз ой-пикирин билдиргенин, мыйзам бузбаганын жана массалык башаламандыктарга чакырык жасабаганын айткан.

Канышай Мамыркулова – таанымал журналисттердин бири. Акыркы жылдары ал «Фейсбук» аркылуу бийликке ачуу сын айтып келет. Ал кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек ара келишимдери боюнча да бийликке сын айткан.

Милиция Канышай Мамыркуловага козголгон кылмыш иш боюнча үн катты

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>