Журналист Санрабия Сатыбалдиева эч жакка кетпесин деген кат менен бошотулганын бүгүн, 4-ноябрда «Кылым шамы» укук коргоо борборунун директору Азиза Абдирасулова социалдык тармактагы баракчасына билдирди.
Анын айтымында, мындай чечимди тергөөчү чыгарган.
Сатыбалдиева ЖКнын депутаттарынан системалуу түрдө акча талап кылган деген шек менен кармалган. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ал аларды 2016-2017-жылдар аралыгындагы аудиожазууларды жарыялоо үчүн шантаж кылган.
Ал эми Сатыбалдиева бул айыптоолорду моюнуна албай четке каккан. Санрабия Сатыбалдиева боюнан түшүп калуу коркунучу бар деген диагноз менен ооруканага жаткырылды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Санрабия Сатыбалдиева күнөөсүн мойнуна алган эмес, — жактоочу