Санрабия Сатыбалдиева күнөөсүн мойнуна алган эмес, — жактоочу

Санрабия Сатыбалдиева күнөөсүн мойнуна алган эмес, — жактоочу

Камактагы журналист Санрабия Сатыбалдиева күнөөсүн мойнуна алган эмес. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, Санрабия Сатыбалдиева боюнан түшүп калуу коркунучу бар деген диагноз менен ооруканага жаткырылды.

“Социалдык тармактарда ИИМге шилтеме жасап, Сатыбалдиева журналисттик материал үчүн акча талап кылганын мойнуна алганын жазышууда. Бирок, андай эмес. Анткени мен экинчи жактоочу менен чогуу Сатыбалдиева менен жолугуп сүйлөшкөнбүз. Ал эч кандай күнөөсүн мойнуна албаганын айтты”, — деп жазды Замир Жоошев.

Буга чейин Ички иштер министрлиги журналист Санрабия Сатыбалдиева акча опузалоого шектелип кармалганын билдирген.

«МИР24.kg» маалымат порталынын башкы жетекчиси жана ошол эле учурда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун пиар-менеджери С.С. кылмыштын негизги аткаруучусу болуп саналат. Ошондой эле, бул кылмышка көмөктөшкөндүктөрү үчүн шектелип «МИР24.kg» маалыматтык порталдын оператору К.Б.у. жана «Жорго-Такси» компаниясынын айдоочусу Өзбекстандын М.М. аттуу жараны кармалышты», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>