Жусуп Абдрахмановдун иш столу тарых музейине берилет

Жусуп Абдрахмановдун иш столу тарых музейине берилет

Улуттук илимдер академиясы көрүнүктүү советтик, мамлекеттик жана саясий ишмери, Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун сейрек кездешүүчү жеке столу Мамлекеттик тарых музейине берилет.

Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, улуу тарыхый баалуулукка ээ болгон Жусуп Абдрахмановдун столу көп жылдар бою илимдин корифейлерине кызмат кылып келген.

Өлкөнүн өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошкон Жусуп Абдрахмановдун жаркын элесине таазим этип, Улуттук илимдер академиясы сейрек кездешүүчү столду  тарых музейинин балансына өткөрүп берет.

«Бул дасторкондо биздин кыргыз советтик мамлекеттүүлүктү түптөөчү аталарыбыз болгон. Жакында Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдык мааракеси болот. Бул столдун жашы болжол менен 100 жашта”, — деди Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун директору Абылабек Асанканов.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров бир күн мурда “Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>