Акысыз концерттер жана кино көрсөтүүлөр: Бишкекте «Франкофония жазы — 2026» фестивалы башталатМаксым улуттук суусундугу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий суусундугу макамын алдыЧүй облусунда сот тутумундагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду: судья жана катчы кармалдыӨзгөн районунда үч эм төрөгөн энеге 100 миң сом берилдиУКМК күч түзүмдөрүндөгү кадрдык чечимдерге «көшөгө артындагы таасирлер» тууралуу маалыматтарды төгүндөдүКыргызстанда аскер кызматкерлеринин пенсиялык камсыздоосун күчөтүү сунушталууда
Жыл башынан бери ИДПнын көлөмү 1 трлн 427,3 млрд сомду түздү
17.11.2025 | 13:29

Ушул жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын (ИПД) көлөмү 1 триллион 427,3 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу өкмөт башчы Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында билдирди.
Анын айтымында, жыл башынан тарта ИДПнын реалдуу өсүү темпи 10%ды түздү. Анын ичинде:
- Курулуш сектору 27,7 %га,
- Кызмат көрсөтүүлөр 8,8 %га,
- Айыл чарба 2%га,
- Өнөр жай тармагы 9,9 %га,
- Фармацевтика тармагы 2 эсеге,
- Тамак-аш азыктарынын өндүрүшү 33,6 %га,
- Резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарынын өндүрүшү 33,8%га,
- Химиялык продукцияларды өндүрүү 19,6 %га,
- Текстиль, кийим-кече өндүрүү 9,4 %га,
- Пайдалуу кендерди казуу 17,1 %га өскөн.
Мындан тышкары 10 айдын жыйынтыгы боюнча негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 246,7 млрд сомду түзүп, 18,9 %га өскөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика