Экономика министрлиги алкоголдук ичимдиктерге акцизди жогорулатуу долбоорун кайтарып алдыЕАЭБ Пакистан менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүүнү карап жатат«Көчөдө жашап, идиш жуучумун, эми өз үйүм болот» — Игорь БеляевКыргызстан менен Франция кардиология жана онкология жаатында кызматташатКыргызстандын мамлекеттик карызы 10,4 млрд долларга жетти«United Dance Weekend»: Бишкекте эл аралык бий фестивалы өтөт
Бишкекте милиционерге кол салган адам кармалды
17.11.2025 | 13:43
Бишкек шаарында 33 жаштагы Ж.С. Патруль-посттук кызматтын милиция кызматкерин сөз менен коркутуп, анын ишине тоскоолдук жасап, сабаган. Бул тууралуу Октябрь райондук ИИБдин маалымат кызматы билдирди. Окуя 16-ноябрда, саат болжол менен 23:35те, №8 кичи райондо болгон.
КР УКнын «Мамлекет өкүлүнө же коомдук тартипти көзөмөлдөгөн башка адамга каршылык көрсөтүү менен хулигандык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 33 жаштагы жаран кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар