Ишкананын каражатын жеке эсебине которуп турган. «Кыргыз почтасынын» башкы эсепчиси кармалдыЭкспорттук рекорд: Өзбекстандын тышкы соодасынын көлөмү 35 жылда 18 эсеге өстүОшто туристтик сезон расмий түрдө ачылдыКазакстандын Энергетика министрлиги мунайды кайра иштетүү кубаттуулугун эки эсеге арттырууну жана Борбордук Азиядагы позициясын чыңдоону пландаштырууда«Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолунун курулушу: бүгүнкү күндө кандай иштер жасалуудаЕАЭБ өлкөлөрү авиациялык мыйзамдарды шайкеш келтирүүгө киришишет
Жыргалаң суусуна түшүп кеткен эки тестиер кыз изделүүдө
19.05.2024 | 10:03
Ысык-Көл облусунда Ак-Суу районуна караштуу Михайловка айылындагы Жыргалаң суусуна түшүп кеткен 2 кыз 18-майдан тарта куткаруучулар тарабынан изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 19-май күнү да издөө иши уланып, ага куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 138 адам дрон, эки кайык менен тартылды.
Жыргалаң суусуна 2017-жылы туулган К.М. жана 2016-жылы туулган Т.С. аттуу кыздар түшүп кеткендиги тууралуу кабарланган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар