Жыштык сатуу боюнча УКМКнын 2, Байланыш агенттигин 2 кызматкери кармалды

Жыштык сатуу боюнча УКМКнын 2, Байланыш агенттигин 2 кызматкери кармалды

Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатуудагы коррупциялык иш боюнча шектүү катары беш киши камакка алынды. Бул тууралуу “Репортерго”  Башы прокуратуранын басма сөз катчысы Наргиза Куватова билдирди.

“Эки адам Байланыш агенттигинин кызматкери, эки адам Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери, бир адам “Ала-ТВ” компаниясынын кызматкери. Аттарын азырынча айта албайм. Учурда алар №1 тергөө абагына киргизилген. Тергөө иштери жүрүп жатат”, – деди Куватова.

Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчиси Наталья Черногубова жана анын орун басары Замирбек Мамбеталиев кызматтан алынып,  камакка алынганын бизге 13-майда өздүк булактар кабарлаган.

14-май күнү Башы прокуратура  Черногубованын кармалганын тастыктап,  калган шектүүлөр тууралуу толук маалымат  берген эмес.

Жанар Акаев парламенттин 20-майдагы жалпы жыйынында Байланыш агенттиктегинин айланасындагы коррупция маселесин козгоп, бул ишке Абылгазиевдин катышы болушу мүмкүн экенин айткан.

Бирок өкмөттүн маалымат кызматы жана премьер-министр Абылгазиев өзү дагы Жанар Акаевдин айткандары негизсиз экенин билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>