Башкы прокуратура Байланыш агенттигинин башчысынын кармалганын тастыктады

Башкы прокуратура Байланыш агенттигинин башчысынын кармалганын тастыктады

Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубованын камакка алынгандыгын Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Наргиза Куватова “Репортерго” тастыктады.

Анын айтымында Черногубова 12-май күнү Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде кармалган.

“7-апрелде сотко чейинки териштирүү быйыл башталып,  12-май күнү Аскер прокуратурасы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти тарабынан кармалган. Ал уюлдук байланыш операторлорунун бири жана Технологиялар жана байланыш комитеттин жооптуу кызматкерлери менен өз ара сүйлөшүп алып байланыш операторунун кайра каттоодо мыйзам бузууларга жол берген”, — деди Куватова.

Черногубова учурда УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Наталья Черногубова жана анын орун басары Замирбек Мамбеталиев кызматтан алынып, камакка алынганы тууралуу маалымат буга чейин биздин редакцияга өздүк булактардан келип түшкөн.

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Наргиза Куватова Замирбек Мамбеталиевдин камакка алынгандыгын тастыктаган жок.

Черногубова менен Мамбеталиев 11-май күнү кызматтан кетишкенин буга чейин анын кол алдындагы кызматкерлер ырасташкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>