Жүздөн ашык аскерлер баткендиктер үчүн кан тапшырышты – сүрөт

19.09.2022 | 14:03

Бишкек шаарындагы Республикалык кан борборуна Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин жүздөн ашуун офицерлери, прапорщиктер, сержанттар жана катардагы жоокерлери келип, ыктыярдуу донор болушту.

Аталган ведомстводон билдиришкендей, Баткен районунун Кызыл-Кыя шаарындагы №43 жатак абагынын  кызматкерлери жергиликтүү медициналык мекемеде кан тапшырышты.

“Ошондой эле УККдагы башка кесиптештерди да Баткен облусунан куралдуу басып алууда жапа чеккен мекендештерге колдон келген жардамды көрсөтүүгө чакырабыз”, – деп айтылат маалыматта.

[image_carousel source=”media: 155626,155627,155628,155629″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top