Ташиев коронавирус менен күрөшкөн Кытайга гумжардам берүүнү колдоду

Ташиев коронавирус менен күрөшкөн Кытайга гумжардам берүүнү колдоду

Саясатчы Камчыбек Ташиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин коронавирус менен күрөшүп жаткан Кытайга гуманитардык жардам берүү демилгесин колдоду. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Сиздин сунушка көптөгөн адамдар туура эмес пикирлерин билдирип жатышат. Бирок сиздин сунушту эң туура деп эсептейм. Кытай мамлекети биздин өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдар мезгиленде ар дайым биринчилерден болуп жардам берип келишет. Эки мамлекеттин ортосунда өзгөчө кыраалдардын кесепеттерин жоюу боюнча келишим да түзүлгөн. Биз тез аранын ичинде жардам колубузду сунуубуз керек”, — деп жазган ал.

Белгилей кетсек, коңшу өлкөгө жардам көтөрүү демилгеси коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын 3-феварлда өткөн отурумунда айтылган.

Соңку маалыматтарга караганда, Кытайдын Ухань шаарынан тараган  өпкөнү сезгентүүчү жаңы коронавирустан 427 адам  өлүп, 20 миңден ашык адам вирусту жуктуруп алган. Ал эми  25 өлкөдө коронавирустун 100дөн көп учуру катталган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>