«Ала-Арча» жаратылыш паркында от жаккан жарандарга айып пул салындыСанкциялык тобокелдиктери бар 16 компания боюнча материалдар сотко өткөрүлдүТурак үйдөн 188 миң сом уурдап кеткен. Шопоковдо 29 жаштагы шектүү кармалдыДөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондогу жаңы чуркоо тилкесине зыян келтирилдиКыргызстан менен Оман биргелешкен инвестициялык фонд түзүү маселесин карашууда«Жылдын мыкты мугалими – 2026» сынагынын жеңүүчүсү аныкталды
Виктор Франклдын белгилүү китеби кыргызча которулду
07.05.2024 | 19:00
Психиатр Виктор Франклдын белгилүү эмгеги “Жашоонун маңызын издеген адам” (“Man’ s Search For Meaning”) китеби кыргыз тилинде жарыяланды. Бул тууралуу “Китепстан” басма үйү билдирди.
Аны Айсулуу Тынышова которду.
Китепте нацисттик өлүм лагерлериндеги азаптуу жашоо сүрөттөлүп, автор өзүнүн өмүр таржымалынын негизинде кыйынчылыктарды кантип жеңгенин жана аман калганын баяндайт.
“Ал жашоодо көп нерседен тирүүлүктүн маани- маңызын таап, жаңы максат менен илгери умтулса болорун ырастайт. Китеп психологдорго, педагогдорго жана бардык окурмандарга сунушталат”, – дейт басмакана.
Чыгарма 24 тилде чыгып, дүйнө боюнча 12 миллион нускадан ашык сатылган.