Дастан Бекешев: Кыргызстанда Салык кодексине 113 түзөтүү даярдалууда — негизгилериОш шаарында 110 орундуу медициналык борбор ачылдыКыргызстандыктар Орусиянын президентинен грант ала алышат«Ала-Арча» жаратылыш паркында от жаккан жарандарга айып пул салындыСанкциялык тобокелдиктери бар 16 компания боюнча материалдар сотко өткөрүлдүТурак үйдөн 188 миң сом уурдап кеткен. Шопоковдо 29 жаштагы шектүү кармалды
Ошто адашып калган 3 жашар кызды таап алгандар анын сөйкөсүн сатууга аракеттенген
07.05.2024 | 18:00
Ош шаарында базарда лөлү тектүү тестиер кыз 3 жашар наристенин кулагындагы сөйкөнү сатмакчы болгон. Анын видеосу интернетке жарыяланды.
Анда жарандар тестиерди “бул сени тааныбайт экен, эмнеге сөйкөсүн сатам”, – дедиң деп айтышууда.
Облустук милициянын маалыматында окуя 6-май күнү болгон. Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын тургуну базарга алып келген небересин жоготуп алган.
Аны милицияга лөлү тектүү кыз алып келип берген. Учурда анын айткан маалыматтары текшерилүүдө.
“Кыздын сөйкөсү кулагында турат. Эч ким алган эмес. Чоң атасы дооматтан баш тартты”, – дейт милиция.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар