Бишкекте пенсионерди алдап үйүнө кирген шылуундар 640 миң сомун уурдап кеткен

Бишкекте пенсионерди алдап үйүнө кирген шылуундар 640 миң сомун уурдап кеткен

Бишкекте алдамчылыкка жана уурулукка шектелген эки аял кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.

Милициянын билдиргени боюнча, акыркы кезде шылуундар жалгыз жашаган кары пенсионерлердин үйлөрүнө барып, «социалдык кызматкербиз, мамлекеттин атынан акчалай жардам көрсөтөбүз» деп алдап үйүнө кирип, уурулук жасаган учурлар болууда.

Быйыл 17-апрелде Свердлов райондук милицияга К.В. аттуу жаран кайрылып, күн мурун үйүнө «райондук социалдык кызматкербиз» (чынында соцкызматкер болгон эмес) деп келген эки аял 640 миң сом акчасын уурдап кеткенин билдирген.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) жана 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 31 жаштагы И.Т. жана 39 жаштагы А.Г. аттуу аялдар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Милиция билдиргендей, учурда кармалгандардын ушул сыяктуу 8 кылмышка катыштыгы бар экени аныкталды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>