Ысык-Көлдө күйөөсү бензин чачып өрттөп жиберген келин тосмо арыз жазды

Ысык-Көлдө күйөөсү бензин чачып өрттөп жиберген келин тосмо арыз жазды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында күйөөсү бензин чачып, өрт коюп жиберген келин тосмо арыз жазды. Келин күйөөсүн кечиргенин билдирген. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, келин тосмо арыз жазды. Учурда бул иш тергелип жатат. Келин тосмо арызда күйөөсү менен жарашканын, бири-бирин жакшы көрөрүн менен түшүндүргөн.

Эскерте кетсек, 4-январь күнү болжол менен саат 16.20 чамсында Каракол ШИИБдин нөөмөт кызматына Торгоев көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринин жанынан күйөсү келинчегине бензин чачып, өрттөп жиберди деген маалымат телефон аркылуу түшкөн.  Ыкчам нөөмөт бөлүмү барганда келиндин манжалары, бети жана буту күйгөнүн көрүшкөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>