Өкмөт башчы: Коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча бардык чаралар кабыл алынды

Өкмөт башчы: Коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча бардык чаралар кабыл алынды

Кыргызстан коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча бардык чараларды кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда премьер-министр Мухаммедкалый Аблыгазиев Өкмөттүн кезектеги жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы жыйынды ачып жатып, коронавирустук инфекция чыккан  Кытайда түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынган чаралар тууралуу айтты.

«Кыргыз Өкмөтү жана Саламаттыкты сактоо министирлиги тарабынан дароо чаралар топтому кабыл алынды: ыкчам штаб түзүлдү, мамлекеттик чек аранын бардык өткөрмө-көзөмөл жайларында санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү, «Манас» жана «Ош» аэропортунда келген жүргүнчүлөрдү текшерүү үчүн дене табын өлчөгүчтөр орнотулду. 2020-жылдын 23-январынан тарта Кытай Эл Республикасы менен аба, унаа жана темир жол каттамдары толук бойдон токтотулду», — деди Абылгазиев.

Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөгө ташылган айыл чарба продукцияларына көзөмөлдү күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда экенин белгиледи.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>