Өкмөт экономиканы жандандыруу жобосун Казакстандан көчүрүп алганбы? — Видео

Өкмөт экономиканы жандандыруу жобосун Казакстандан көчүрүп алганбы? — Видео

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, 1-майдан тарта уруксат берилген тармактардын жоболору Казакстандан көчүрүлгөнүн айтып чыкты.

“Токтомду жазганда ылайыктап жазбайсыңарбы? 1-майдан тартып уруксат бериле турган ишканалар боюнча: химиялык өнөр жай, машина куруу жана  прибор жасоо Кыргызстанда барбы? Казакстандан көчүргөнүңөрдү жашырбайсыңарбы?! Кана машина курган эки ишкананы айтып бериңизчи? Бизде экономиканы баккан 4 тармак: соода, тейлөө, курулуш жана тигүү тармагы 1-майдан баштап иштеши керек», —  деди Иманалиев.

Ошондой эле ал Өзбекстан менен Казакстан миллиарддап элге жардам берип жатса, өкмөттүн элге ун берүү менен чектелгенин сындады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев уруксат бериле турган тармактардын тизмесин эл өкүлүнө өзүнчө берерин айтты.

 

Буга чейин Өкмөт 1-майдан тарта өзгөчө абал режимине карабай уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрүнүн тизмегин жарыялаган. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>