Өкмөт: Октябрдагы башаламандыкта жабыркагандарга медицинналык көмөк көрсөтүү уланат

Өкмөт: Октябрдагы башаламандыкта жабыркагандарга медицинналык көмөк көрсөтүү уланат

2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуяларда жабыркаган жарандар кыргыз өкмөтүнүн өзгөчө көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, былтыр декабрь айынын башында вице-премьер-министрлери Эльвира Сурабалдиева жана Максат Мамытканов октябрь окуяларында жабыркаган жарандар менен жолугушкан.

Анын жыйынтыгында ар бир жабыркаган жарандын ден соолугун көзөмөлдөй турган медициналык мекеме аныкталган. Учурда 22 адам амбулатордук дарылоодон өтүп, дарыгерлердин тийиштүү кеңештерин алууда.

Макулдашуулардын алкагында жакынкы мезгилде Түркия дарыгерлери 8 жарандын көздөрүн протездөөнү жүргүзөт.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында жабыркаган дагы бир жарандын көзүнө татаал операция жасалат, аны да Түркия Республикасынын дарыгери өткөрөт.
2020-жылдын декабрь айынын соңунда жабыркагандардын бирине ортопедиялык протез сатып алууга жардам көрсөтүлгөн. Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева ал үчүн өз айлык маянасын которуп берген.

Жакында 5-6-октябрдагы окуяларда жаагы сынган 51 жаштагы аялга жардам көрсөтүлгөн. Ал учурда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүндө дарыланууда.

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиеванын тапшырмасы боюнча октябрь окуяларында жабыркаган жактардын кайрылууларын кароо үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн, аны саламаттык сактоо министринин орун басары  Мадамин Каратаев жетектейт. Комиссия жарандардын майыптыгын аныктоо маселесин карайт.

Өкмөт кабарлагандай, октябрь окуяларында жабыркаган бардык жарандарга зарыл болгон медицинналык көмөк көрсөтүү улантылат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>