Сузактагы кырсык. Реанимацияда жаткан балдарга 200 миң сомдон бөлүндү, — Ташиев

Сузактагы кырсык. Реанимацияда жаткан балдарга 200 миң сомдон бөлүндү, — Ташиев

Жалал-Абаддын Сузак районунда жүк ташуучу унаа сүзүп кетип жабыркаган балдарга президенттин фондунан акчалай жардам бөлүндү. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Оор абалда реанимацияда жаткан балдардын ар бирине президенттин фондунан азырынча 200 миң сомдон, жеңил жаракат алган балдардын баарына 50 миң сомдон акча бөлүндү. Андан тышкары жергиликтүү бийлик органдары тарабынан алардын тамаш-ашы жана башка кем-карчы каралып жатат», — деди ал.

Ал билдиргендей, зарыл болсо, дарыгерлердин чечими боюнча жабыркаган балдар ата-энеси менен Бишкекке жеткирилип, дарылануусун борбор калаада улантат. Ал үчүн Бишкектен учак чакыртылган.

Эскерте кетсек, кырсык 2-майда Сузактагы Катмы жайлоосунда «Манас» айтуу боюнча сынак өтүп жатканда болгон. Окуучулар тоо боорунда «Манас» айтып жатканда, ичинде айдоочусу жок Hyundai Porter унаасы ылдыйды көздөй жүрүп кетип, 30дан ашык баланы сүзүп кеткен. Учурда жабыркаган балдардын 20сы ооруканаларда жатат, алардын ичинен бешөө реанимацияда. Дагы 14 бала амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Ооруканадагы балдардын экөөнө 2-майда операция жасалып, дагы бирөөнө 3-майда операция жасалат.

Милициянын маалыматы боюнча, Hyundai Porter’дин айдоочусу унаасын өчүрбөй жерге түшүп кетип, телефон чалып жатканда, унаасы жүрүп кеткен.

Айдоочу милицияга берген көрсөтмөсүндө, демөөрчүлүк кылып кароо-сынакка катышып жаткан балдарга 7 куту балмуздук алып барганын билдирген. Анын айтымында, ал жайлоого жеткенден кийин унаасын токтотуп, унаадан түшүп, айылдык мектептин директоруна «балмуздакты кайсыл жерге жеткирип берейин» деп суроо үчүн телефон чалып жатканда унаасы жүрүп кеткен. Ал унаасынын артынан чуркап, токтотууга жетишпей калган.

Сузактагы кырсык. Ташиев коопсуздук чараларын көрбөгөн жетекчилер жоопко тартыларын айтты

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>