Сузактагы кырсык. “Портердин” айдоочусу 3 миң балмуздак алып барган

Сузактагы кырсык. “Портердин” айдоочусу 3 миң балмуздак алып барган

Сузактын Катмы жайлоосунда өткөн “Манас айтуу” иш чарасына “Портердин” айдоочусу Баатыр Атамкулов демөөрчүлүк кылып 3 миң балмуздак алып барган. Бул тууралуу анын айылдашы Азамат Нуралиев Reporter.kg’ге билдирди.

Баатыр Атамкулов 48 жашта. Ар дайым айылдагы иш чараларды колдоп, демөөрчүлүк кылып келет. Былтыры «Манас» эпосуна байланыштуу мектеп окуучуларынын сынагы айылдын стадионунда өткөн.

“Аябай жакшы киши, коомдук иштерге болсо дайыма жардам колун сунуп келет. Орозодо кайрымдуулук кылып, айылда ооруп калгандарга дагы жардамдашып жүрөт. Былтыркы ушундай мааракеде дагы 1 миң балмуздак бекер таркаткан, быйыл 3 миң алып барыптыр. Өзү балмуздак деле сатпайт”, — дейт ал.

Баатыр Атамкулов ишкерлик менен алектенет, 4 баласы бар.

“Унаанын үстүндө балмуздак көрүнгөн жок деп жатышат. Ал жайлоого жетип, үч коробка балмуздакты түшүрүп, анан уюштуруучуларга телефон чалып жаткан кезде машина жылып кеткен”, — дейт Азамат Нуралиев.

Анын айтымында, Жерге-Тал айылынын тургундары окуяны түшүнүу менен кабыл алышты.

«Баатыр акени биздин өрөөн жакшы билгендиктен эч ким жаман ойдо болбоду, тарткылык катары түшүнүштү», — дейт ал.

Эскерте кетсек, 2-май күнү Сузактын Жерге-Тал айылында «Манас» айтуу кароо сынагы учурунда жүк ташуучу унаа 29 баланы сүзүп кетип, 18и ооруканага түштү.

Унаанын айдоочусу Баатыр Атамкулов камакка алынды.

Сузактагы кырсык. Ташиев коопсуздук чараларын көрбөгөн жетекчилер жоопко тартыларын айтты

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>