Ташиев: «Манас» айтууну мелдешке айландырып жиберишти (видео)

Ташиев: «Манас» айтууну мелдешке айландырып жиберишти (видео)

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Сузакта болгон кырсык тууралуу журналисттерге комментарий берип жатып, өлкө боюнча окуучулар арасында өткөрүлүп жаткан «Манас» айтуу сынагы мелдешке айланып кеткенин билдирди.

«Биздин кичинекей кезде «Манасты» бир-эки адам айтып, жүздөгөн-миңдеген адам көрүп-укчу. Азыр миңдеген адамдар айтат, эч ким укпайт. Бул маселени да жолго коюш керек. Район-райондордо бири-бири менен мелдешип, «ким көбүрөөк адам топтойт?», «ким чоңураак кылып өткөрөт?» деп («Манас» айтууну – ред) мелдешке айландырып жиберди. Бул жергиликтүү бийлик органдарынын жана «Манас» айтууну уюштуруп жаткандардын чоң шалаакылыгы. Бул үчүн жоопкерчилик болуш керек», — деди ал.

Эскерте кетсек, кырсык 2-майда Сузактагы Катмы жайлоосунда «Манас» айтуу боюнча сынак өтүп жатканда болгон. Окуучулар тоо боорунда «Манас» айтып жатканда, ичинде айдоочусу жок Hyundai Porter унаасы ылдыйды көздөй жүрүп кетип, 30дан ашык баланы сүзүп кеткен. Учурда жабыркаган балдардын 20сы ооруканаларда жатат, дагы 14 бала амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Ооруканадагы балдардын экөөнө 2-майда операция жасалды, дагы бирөөнө бүгүн операция жасалат.

Милициянын маалыматы боюнча, Hyundai Porter’дин айдоочусу унаасын өчүрбөй жерге түшүп кетип, телефон чалып жатканда, транспорт жүрүп кеткен.

Айдоочу милицияга берген көрсөтмөсүндө, демөөрчүлүк кылып кароо-сынакка катышып жаткан балдарга 7 куту балмуздук алып барганын билдирген. Анын айтымында, ал жайлоого жеткенден кийин унаасын токтотуп, унаадан түшүп, айылдык мектептин директоруна «балмуздакты кайсыл жерге жеткирип берейин» деп суроо үчүн телефон чалып жатканда унаасы жүрүп кеткен. Ал унаасынын артынан чуркап, токтотууга жетишпей калган.

Милиция айдоочуну кармап, убактылуу кармоочу жайга камакка алган.

Сузактагы кырсык. Ташиев коопсуздук чараларын көрбөгөн жетекчилер жоопко тартыларын айтты

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>