Өлкөдө ушул тапта 359 миң үй-бүлө азык-түлүк жардамына муктаж

Өлкөдө ушул тапта 359 миң үй-бүлө азык-түлүк жардамына муктаж

Өлкөдө ушул тапта 359 миң 703 үй-бүлө азык-түлүк жардамына муктаж. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Ал мамлекеттик органдар тарабынан кайрымдуулук фонддору менен бирге муктаждарга жардам бере турган штаб ачылганын белгиледи.

«Азыркыга чейин өлкө боюнча 170 миң 16 үй-бүлө гуманитардык жардам алды. Көмөк көрсөтүү уланууда. Кайрымдуулук фонддорунан, ишкерлерден жана компания, уюмдардан каражат түшүп жатат. Көптөгөн кишилер штабга азык-түлүк алып келүүдө, акча которушууда», – деди Жаманкулов.

Өлкөдө 16-апрелде коронавирус жуктургандардын саны 466 кишиге жеткен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>