Айзада Канатбекованын мыкачылык менен өлтүрүлгөнүнө байланыштуу митинг Өкмөт үйүнүн алдында уланууда.
Митингге чыккан активист Өндүрүш Токтонасыров адам тагдыры, Айзаданын өлүмү айтылып жаткан жерге келип, жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер үгүт иштерин жүргүзүп жүрүшкөнүн айтып, нааразы болду.
«Үгүт иштерин башка жерде кылышсын, бул уят», — деди Токтонасыров.