Өткөн жылы канча жуп үй-бүлө куруп, канчасы ажырашкан? Расмий жооп

Өткөн жылы канча жуп үй-бүлө куруп, канчасы ажырашкан? Расмий жооп

2019-жылы өлкө боюнча 10 434 үй-бүлө расмий ажырашкан. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлайт.

Мекеменин маалыматына ылайык, бул көрсөткүч 2018-жылга салыштырмалуу 561ге азайган.

Ажырашуулардын басымдуу бөлүгү 2 миң жуп менен Бишкек шаарына туура келет. Андан кийинки орунда 900 ажырашууну каттаган Ысык-Көл жана Баткен облусу турат. Ал эми Ош, Нарын Талас облустарында 500дөн жуп ажырашкан.

Ал эми өткөн жыл 49 395 жуп үй-бүлө курган. Өлкөнүн башка аймактарына салыштырмалуу үй-бүлө курган жуптар Ош жана Жалал-Абад облустарында көп болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>