Өзбекстан жакынкы күндөрү Кыргызстанга 3000 тонна буудай жиберет

Өзбекстан жакынкы күндөрү Кыргызстанга 3000 тонна буудай жиберет

Өзбекстан жакынкы күндөрү гуманитардык жардам катары Кыргызстанга 400 атайын оорукана контейнерлерин жана 3000 тонна буудай жиберет. Бул тууралуу коңшу өлкөдөгү Кыргызстандын элчилигинен билдиришти.

Аталган жардам Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекет башчыларынын  сүйлөшүүсүнүн жана Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын жыйынтыгынын алкагында көрсөтүлгөн.

“Кыргыз тарап көрсөтүлүп жаткан колдоону жогору баалап, боордош Өзбекстан элине өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу иш-чараларынын алкагында кезектеги колдоосу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирет”, – деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары, эки модульдук, технологиялык ооруканалардын курулушу башталганы айтылат. 

Белгилей кетсек, 15-ноябрь күнү Өзбекстандан Кыргызстанга атайын учак менен гуманитардык жардам келген.

[su_image_carousel source=»media: 48359,48360,48361,48357″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>