Өзбекстанда 24 жаштага мамкызматкер акчаны принтерде чыгарууга айыпталууда

Өзбекстанда 24 жаштага мамкызматкер акчаны принтерде чыгарууга айыпталууда

Өзбекстандын Кашкадарыя облусунда Жаштар биримдигинин Касбий райондук бөлүмүнүн 24 жаштагы жетекчиси акчаны принтерде чыгарып келгени аныкталды.

УзА агенттиги билдиргендей, аткаминер кийим тигүү цехин ижарага алып, акчаны “EPSON” үгүсүндөгү түстүү принтерден чыгарып турган. Ал 50 миң сум (5 доллар) номиналындагы 172 купюраны чыгарууга жетишкен. Дагы 84 купюра принтерден чыгарууга даярдалган.

Жасалма акча укук коргоо органдары жүргүзгөн операциянын жүрүшүндө аныкталды.

Жаштар биримдигинин Касбий райондук бөлүмүнүн жетекчиси кармалды. Ага карата кылмыш иши козголду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>