Өзбекстанда блогер катуу сабалды

Өзбекстанда блогер катуу сабалды

Өзбекстандын Анжиян облусунда блогер мечитке жакын жердеги спирт ичимдиктерди саткан дүкөндөр тууралуу пикир калтырганы үчүн сабалды. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышууда.

Блогер Отабек Нуритдиновдун айтымында, аны дүкөндүн ээси эки уулу менен катуу сабап кеткен.

 Таяак жеген блогер окуядан кийин милицияга кайрылып, ага соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Белгилей кетек, өткөн жылы ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бюджеттик каражатка кол салып жатканын айтып чыккан.  Бирок жергиликтүү бийлик милицияга  арызданган соң, блогер 15 сутка камалып чыккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>