№45 абактагы тоок ферма күнүнө 700 жумуртка өндүрүүдө

№45 абактагы тоок ферма күнүнө 700 жумуртка өндүрүүдө

Чүй облусунун Беловодское айылындагы №45 абактагы тоок фермада жыл башынан бери 49,2 миң жумуртка өндүрүлгөн. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Тоок фермада өндүрүлгөн жумурткалар Жаза аткаруу кызматынын Борбордук базасына жеткирилип, Чүй облусундагы камак жайларына бөлүштүрүлөт. Аталган фермада чыккан жумурткалар облустагы камак жайларын жумуртка менен камсыз кылууга жетет.

Бүгүнкү күнү №45 абактагы тоок фермада күнүнө 650-700 жумуртка өндүрүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: жумуртка

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>