Садыр Жапаров жабыркаган аскер кызматкеринин ишин жеке көзөмөлүнө алдыБаткенде алимент төлөөдөн качкан жаран 2 жылга эркинен ажыратылдыБарскоон – Бедел унаа жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдүБаткенде аскер кызматкери оор жаракат алды: депутат шашылыш жардам көрсөтүүнү сурандыКыргызстанда жарандарды каттоо эрежелерин жөнөкөйлөтүү сунушталдыБишкекте ат минип эс алуу: 5 метр алыстык жана кенеге каршы спрей
1-январдан тарта окуучулардын ысык тамагына бөлүнгөн акча көбөйөт
16.10.2023 | 13:18
1-январдан тарта окуучулардын ысык тамагына бөлүнгөн акча көбөйөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева билдирди.
Анын айтымында, мектептердин тамак-ашын каржылоо этабы менен ишке ашат.
“Дароо эле 20 сомго жеткире албайбыз. Андан азыраак болуп калышы мүмкүн. Азыр так суммасын айта албайм”, – деди аткаминер.
Белгилей кетсек, мектептерде башталгыч класстардын окуучуларынын бир маал берилүүчү ысык тамагына 7 сомдон бөлүнөт. Парламент аны 20 сомго жеткирүү токтомун кабыл алган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом