Бишкекте учакка билет сатууда алдамчылыкка шектүү аял кармалды

Бишкекте учакка билет сатууда алдамчылыкка шектүү аял кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 5-октябрда милицияга А.Б. аттуу аял киши кайрылган. Ал арызында билдиргендей, быйыл 14-мартта Бейшеналиева көчөсүндөгү авиакассанын кызматкерлери ага Бишкек – Эдинбург каттамы боюнча эки багытка (барып-келүү) 69,6 миң сомго билет сатып, бирок Эдинбургдан Бишкекке келүү үчүн билет жокко чыгарылган. Ага байланыштуу ал 46,8 миң сомго жаңы билет сатып алган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 36 жаштагы М.Д. аттуу аял кармалган.

Райондук соттун чечими менен ал 25-октябрга чейин №1 тергөө абагына камакка алынган.

Милициядан билдиришкендей, учурда аталган шектүүнүн ушул сыяктуу дагы 6 алдамчылык фактысына катыштыгы бар экени аныкталган.

Азыркы тапта иликтөө иштеруу уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>