Мектеп ата-энелер менен келишим түзөт

Мектеп ата-энелер менен келишим түзөт

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларынын ата-энелерине келишим  түзүүнү сунуштайт. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Догдуркүл Кендирбаева Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында билдирди.

Министр бул боюнча мыйзам иштелип чыгып жатканын белгиледи.

Жыйында депутат Эрулан Кокулов  мектеп мугалими окуучуну кошумча сабакка келүүгө мажбурлап жатканын айтты. “Кошумча сабак акчага окутулат. Келбесе бала кысымга учурайт. Мамлекеттик мектепте акчага сабак өтүү мыйзамдуубу?”, — деди ал.

Министр  кошумча сабак ата-эненин калоосу менен өтөрүн, бирок мектепте мажбурлоого  жол берилбестигин белгиледи.

“Бизде ата-энелер өзүнүн укугун жана милдетин билишпейт. Андыктан келишим түзүү боюнча жобосун иштеп чыгууга  тапшырма бергенмин. Анда укуктар, милдеттер, эмнеге канча акы төлөө керектиги так суммасына чейин жазылат”, — деди ал.

Министр райондук билим берүү бөлүмдөрү жана мугалимдер менен өзүнчө телеграм канал түзгөнүн маалымдады.

“Ата-энелер менен дагы телеграм канал түзүп, ал жерде өзүм олтурам”, — дейт Догдуркүл Кендирбаева.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>