«10 млн сом зыян келтирген». Оштун мэринин мурдагы жардамчысы кармалды

«10 млн сом зыян келтирген». Оштун мэринин мурдагы жардамчысы кармалды

Ош шаарынын мэринин мурдагы жардамчысы Каныбек Асанбеков кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Асанбеков мэрдин жардамчысы болуп турганда Оштогу борбордук базардын жетекчисин «ар кандай текшерүү уюштурам» деп коркутуп, кысым жасап ай сайын 400 миң сом алып турган. Андан тышкары 2023-жылы Эгемендик күнүнө жана Ош шаарынын күнүнө карата майрамдык иш-чараларды уюштурууга демөөрчүлүк кылуу шылтоосу менен алдамчылык кылып И.Н. аттуу жарандан 6,4 млн сомун алып алган.

УКМК билдиргендей, Асанбеков 2023-жылдын апрель айынан декабрь айына чейин мыйзамсыз акча алып жүргөн деп шектелүүдө. Натыйжада ал мамлекетке жана жарандарга 10 млн сом зыян келтирген.

Аны менен бирге ал Ош шаарындагы ишкерлерди опузалап, акча алып жүргөнү тууралуу маалымат бар. Мындан улам атайын кызмат аталган жарандын иш-аракетинен жабыркагандар болсо, УКМКнын Оштогу башкармалыгына кайрылуусун суранат (Ош шаары, Баялинов көчөсү, №5, тел: 7-32-32).

Азыркы тапта ага «ири өлчөмдө пара опузалоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына 2 айга камакка алынды.

Ошондой эле бул ишке катышы бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>