«100 млн сом да түшкөн жок». Депутат кумарканаларды кайра жабууну сунуштады (видео)

«100 млн сом да түшкөн жок». Депутат кумарканаларды кайра жабууну сунуштады (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков Кыргызстанда кумарканалардын иштөөсүнө кайра тыюу салууну сунуштады.

Парламенттин жыйынында Кадырбеков 2022-жылы кумарканаларды ачууга уруксат берүү тууралуу мыйзам кабыл алынып жатканда, жылына бюджетке 3 млрд сомдон киреше түшүп турары айтылганын, бирок иш жүзүндө андай болбогонун айтты.

Сөзүн улай ал экономика министри Данияр Амангелдиевге кайрылып, Кыргызстандагы кумарканаларды жабуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп келүүнү сунуштады.

«Айрым депутаттар «жылына 3 млрд сом киреше түшөт» деген сөзүңүздөргө ишенип, мыйзамды колдоп берген болушу мүмкүн. Кумарканадан анча киреше түшкөн жок. Жигиттер арасында «сөзүңө жооп» дейбиз. Сөзгө жооп бере албай калдык», — деди ал.

Кадырбеков кумарканалардан бджетке 100 млн сом да түшпөгөнүн белгиледи.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2012-жылдан тарта кумарканалардын ишине тыюу салынган. Бирок 2022-жылы кумаркана иштетүүгө уруксат берген мыйзам кабыл алынган. Мыйзамда кумарканаларга чет элдик жарандар гана кирери жазылган.

Атазов: Апам казинону «колдобо» дегенине карабай колдогом. Азыр өкүнүп жатам (видео)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>