Атазов: Башкы прокурор Зулушев өзү дагы Матраимов менен байланышкан

Атазов: Башкы прокурор Зулушев өзү дагы Матраимов менен байланышкан

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Түркиядан дарылануудан келип, отурумга катышты.  Ал төрагадан сөз сурап, өзүнө байланыштуу билдирүүлөргө жооп берди.

Эл өкүлү аны социалдык тармак аркылуу каралоо аракети көрүлүп жатканын айтты.

«Мага каршы кара пиарды кимдер уюштуруп жатат? Блогер, журналисттин артында кайсы саясатчы турат, же эл аралык кылмыштуу топ барбы? 100 миң фейкти мага каршы койгон ким? Адам баласы ооруганда дарыланып келгенге акысы барбы? Аны дагы ызы-чуу кылдыңар. Кечээтен бери «Атазов митинг уюштурат» деп жатасыңар. Каршылык акциясын силер даярдайсыңар, урматтуу фейктер, эки жүздүү саясатчылар, аферисттер. Мен кыргыз желегин кучактап ыйлаган адаммын», — деди ал.

Шайлообек Атазов ал мандатсыз эле элге кызмат кыла берерин айтып, анын атаандашы Абдурахман Муртазалиев боюнча Жогорку Соттун чечими бар экенин белгиледи.

Ал бул иштин артында башкы прокурор Курманкул Зулушев турганын айтты.

«Матраимов менен байланышпаган саясатчы барбы? Жоон топту айтпа эле коюн, эки китти гана айтайын. Урматтуу Курманкул Зулушев өзүңүз кан досу болуп жүрбөдүңүз беле? Уча тартып, «Райым досум келгенче тийбей тургула дебедиңиз беле?»- дейт ал.

«Үч жылдан бери Башкы прокурорсуз, муфтияттын ачылышында эле кармап албайт белеңиз?Сиз президентти, Ташиевди жаман көрсөтүп жатасыз? Садыр Жапаров президентпи же Зулушевпи?», — деп кайрылды Шайлообек Атазов.

Ал Курманкул Зулушевге иштен кетүүнү сунуштады.

«Матраимов менен байланышыңыз үчүн сиз кетиңиз, анан мен кетем. Эртең эл жарылса сиз күнөөлүү болосуз», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>