Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза таптыУКМК «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна» таандык жер мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктадыИИМ: Кытайлык айдоочуларга жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдүТИМ: Эми Грузияга кирүү үчүн камсыздандыруу полиси талап кылынатМинистрлер кабинети 2030-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекиттиКыргызстандын Салык кызматы 2025-жылдын 11 айында 1,1 млн салык төлөөчүгө кызмат көрсөттү
100 жылдыкка 100 ишкана. Минкаб 31-августка карата ишкана, мектеп, маданият мекемелерин ачат
29.08.2024 | 14:30
Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында үстүбүздөгү жылы республика боюнча 100дөн ашык социалдык объекти жана 100дөн ашык өнөр жай ишканалары ачылат. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.
Ал эми Эгемендүүлүк күнүнө карата 50дөн ашык социалдык объекти ачылат, алардын ичине мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер, турак-жайлар, спорт мекемелери, маданият мекемелер кирет.
Ошондой эле, 31-августка карата 40ка жакын өнөр жай ишканалары ачылат, анын ичинде кичи ГЭСтер, курулуш материалдарын чыгаруучу заводдор, соода-логистикалык борборлор, текстиль фабрикалары жана башка ишканалар.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом