ЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулаштыПодпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөрУКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасады
13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча төртүнчү адамга өкүм чыкты
04.10.2022 | 13:38
Бүгүн, 4-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча төртүнчү адамга өкүм чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Reporter.kg′ге райондук соттон билдиришти.
Соттун чечими менен М.М. уулу аттуу айыпталуучу сегиз жылга эркинен ажыратылды. Ошондой эле ал жабырлануучу тарапка 100 миң сом моралдык зыян төлөп бере турган болду.
Эскерте кетсек, бул иш боюнча шектүү катары төрт адам кармалган. Алардын экөө милиция кызматкери, бирөө «Дордой» базарында күзөтчү жана төртүнчүсү официант болуп иштеген. Милиция кызматкерлери 15 жылга жана күзөтчү 10 жылга эркинен ажыратылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом