Кыргызстандык Алтынай Ботоярова “Аалам сулуусу” сынагына катышат   

Кыргызстандык Алтынай Ботоярова “Аалам сулуусу” сынагына катышат   

“Мисс Кыргызстан-2021” сынагынын жеңүүчүсү Алтынай Ботоярова “Аалам сулуусу” эл аралык сынагына Кыргызстандын атынан катышат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы өзүнүн баракчасына жазды.

«Менин бала кездеги кыялым «Аалам сулуусу» сынагына катышуу болчу. Ал эми беш жашар кызга бул кыялым ишке ашат деп айтышса, мен ишенмек эмесмин», — деп жазган ал.

Ботоярова модель болуп иштейт. Ал буга чейин 2014-жылы «Мини мисс Кыргызстан» сынагына, 2020-жылы «Мисс Кыргызстан» сынагына катышып, биринчи вице-мисс наамын алган.

«Аалам сулуусу» сынагы 2023-жылдын 14-январында Луизиана штатынын (АКШ) Жаңы Орлеан шаарында өтөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>