Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн +4…+9
күндүз +18…+23
Талас облусу
түнкүсүн +5…+10
күндүз +16…+21
Баткен облусу
түнкүсүн +5…+10
күндүз +16…+21
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +7…+12
күндүз +17…+22
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн -4…+1
күндүз +12…+17
Нарын облусу
түнкүсүн -4…+1
күндүз +11…+16
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 13…15°, күндүзгү жогорку температурасы 18…20° жылуу болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз