15-апрелге карата аба ырайы

15-апрелге карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ал эми  Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн +4…+9

күндүз +18…+23

Талас облусу

түнкүсүн +5…+10

күндүз +16…+21

Баткен облусу

түнкүсүн +5…+10

күндүз +16…+21

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн +7…+12

күндүз +17…+22

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн -4…+1

күндүз +12…+17

Нарын облусу

түнкүсүн -4…+1

күндүз +11…+16

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 13…15°, күндүзгү жогорку температурасы 18…20° жылуу болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>