Жаңы төрөлгөн ар бир балага милдеттүү депозиттик эсеп ачуу сунушталды

Жаңы төрөлгөн ар бир балага милдеттүү депозиттик эсеп ачуу сунушталды

Жогорку Кеңештин 30 депутаты мамлекетти ар бир төрөлгөн балага банктан депозит ачууга милдеттендире турган мыйзам долбоорун сунуштап жатат.

Депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, демилге жарандардын билим алуу жана турак-жайга болгон укуктарын коргоого багытталган.

Конституцияда келечек муунга кам көрүү боюнча бир нече нормалар бар. Жарандар бойго жеткенден кийин билим алууга жана социалдык камсыздоого укуктуу. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2022-жылы өлкөдө 18 жаштан жогорку 102 851 жаран жашаган. Алардын 67 миңи мектепти аяктаса, 24 миңи гана университетке тапшырган. Негизги себеп – каражаттын тартыштыгы. Башкача айтканда, ата-энелеринин экономикалык абалынан улам жаштар билим алууга мүмкүнчүлүктөрү жок, иштеп же эмгек миграциясына кетип жатышат”, — деди ал.

Депутаттар “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизип, ар бир балага банктык депозит ачууну сунушташууда.

Ата-энелер бул депозиттик эсепке акча салса болот. Жетим балдардын эсебин мамлекеттик каражаттардын жана меценаттардын эсебинен толуктаса болот. Мисалы, ар бир жаңы төрөлгөн ымыркайга бир жолу төлөнүүчү 4000 сом ушул эсепке багытталып, 18 жылдан кийин ал жерде топтолуп, университетте эки жылдан кем эмес контракт төлөсө болот», — деди Марлен Маматалиев.

Баланын жашы жеткенде, депозиттик эсептеги акча эки гана максатта колдонулушу мүмкүн: окуу акысын төлөө же ипотеканын баштапкы төлөмү.

Каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева эл депутаттарынын демилгесин ишке ашыруу үчүн 11 миллиард сом керектелерин билдирди.

Биз 2023-жылдан тарта баштайлы деп ойлогонбуз, бирок кийинки жылдан баштасак жакшы болот. Андыктан келечек муунга жакшы шарттарды түзүп беребиз. Балдарга каражат табыш керек”, — дейт Марлен Маматалиев.

Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: наристе

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>