Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
15-июль: Кыргызстанда дагы 439 адамга коронавирус жукту
15.07.2020 | 10:18
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 439 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 15-июлда өткөн брифингде саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Оору жугузуп алгандардын эң көбү Бишкек шаарында — 172 адам. Ош шаарында 53, Чүй облусунда 70, Ош облусунда 30, Жалал-Абад облусунда 32, Баткен облусунда 66, Ысык-Көл облусунда 14, Нарын облусунда 1, Талас облусунда бир адамга илдет жуккан.
Акыркы сутка ичинде коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 91 бейтап айыгып, үйүнө чыккан.
18-марттан 15-июлга чейин өлкөдө жалпы 11 миң 977 адам коронавирус жуктуруп алган. Ал эми 3660 адам илдеттен айыккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом