Бир суткада пневмониядан 74 адам, коронавирустан 11 адам каза болду

Бир суткада пневмониядан 74 адам, коронавирустан 11 адам каза болду

Өткөн сутка ичинде 11 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Коронавирустан каза тапкандар төмөнкү аймактарда:
Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (эркек, 63 жашта);
№ 1 Шаардык клиникалык ооруканасынан – 1 (эркек, 64 жашта);
Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 1 (аял, 72 жашта);
Улуттук фтизиатрия борборунан – 1 (эркек, 64 жашта);
Жайыл аймактык ооруканасынан – 2 (аялдар – 54, 61 жашта);
Баткен облустук ооруканасынан – 2 (эркек, 49 жашта, аял, 58 жашта);
Ноокат аймактык ооруканасынан – 1 (аял, 53 жашта, медик);
Тоң аймактык ооруканасынан – 2 (эркек, 58 жашта, аял, 36 жашта).

Ошентип,  өлкөдө жалпы коронавирустан каза болгондордун саны 160 адамга жетти.

Ал эми бир сутка ичинде  пневмониядан 74 бейтап каза болду.  Алардын ичинен 57 адам республика боюнча, ал эми Бишкек шаарында 17 адам.

Ушуну менен  март айынан бери пневмониядан каза болгондор 571ге жетти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>