Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылында абал туруктуу. Бул туурасында жергиликтүү милиция Reporter.kg′ге билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери көчөлөрдү кыдырып, тартипти сактоону улантууда.
Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында Аксакалдар соту 16 жаштагы өспүрүм кызды зордуктаган кылмышка шектүүнүн үй бүлөсүн айылдан көчүп кетүү үчүн 3 күн убакыт берген чечим кабыл алган. Балким, өспүрүм кызды зордуктап кеткен жарандын туугандарына кол салуу болуп кетпесин деген негизде милиция абалды көзөмөлдөп жатат.
5-декбарь күнү, 16 жаштагы кыз жол тоскондон унаасына салып алып, 31 жаштагы айылдын тургуну зордуктап салган. Учурда ал Сокулук милициясынын убактылуу кармоочу жайында кармалууда.